САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган)
кезектеги ХХIV сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 13
Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айлынын Достук көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын Достук көчөсүнө Бекенов Бекташтын атын коюу боюнча баласы Бекенов Нургазынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылыны Достук көчөсүнө Бекенов Бекташ аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Бекенов Бекташтын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү, уулу Бекенов Нургазыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын айыл башчысына жүктөлсүн..
Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы |
| А.Салимов |