Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылынын 31-май №163/35-8
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.02.2023-жылдагы № 114/25-8 сандуу токтому менен бекитилген туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 5-пунктун, Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.8- пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Мадемиров Жоомарт Талайбекович жана мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Ажыман Бабаканович Кыдыралиев бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин аппаратына , ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Б.Кыдыралиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов . |