Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылынын 31-май №164/35-8
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2022-жылдагы № 47/10-8 сандуу токтому менен кабыл алынган Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин
2-пунктунун 9-пунктчасын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2022-жылдагы №47/10-8 сандуу токтому менен кабыл алынган Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Б.Кыдыралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2022-жылдагы № 47/10-8 сандуу токтому менен кабыл алынган Регламентин 23-главасынын 23.9-пунктунун акыркы “Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кара-Көл шаар аймагынан сырткары болсо, шаардык кеңештин сессияларына 3 ай онлайн катыша алат жана добуш бере алат” деген сүйлөмү алынып салынсын. Бул пункт төмөндөгүдөй абзац менен толукталсын: “Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын жыйындарына онлайн катыша алат жана добуш бере алат.”
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин аппаратына, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Б.Кыдыралиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов . |