Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2024-жылынын 31-май №166/35-8
“Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-статьясынын 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Т.Т.Макешованын маалыматын жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Б.Кыдыралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XXXV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары Т.Т.Макешованын маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине ( Р.Абытканова) шаар мектептери менен тыгыз байланышта болуп, окуучулар арасында зордук-зомбулук, рэкетизм жана анын кесепеттери жөнүндө маселелерди чагылдырган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык аялдар кеңешине (Р.Абытканова), аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.Б.Кыдыралиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Ч.А. Кимсанов . |