Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июну № 2128-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 5-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2024-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
Курманкул Токторалыевич Зулушевди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө;
“2023-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (Жөнөкөй операциялар [Жеңилдетилген]) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Жазык кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялары” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2024-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору), КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Туруктуу жана жашоого туруктуу ландшафттар үчүн глобалдык өнөктөштүктүн Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КРда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) жана КР менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Корея жана Дүйнөлүк банктын өнөктөштүк фондунун Бирдиктүү донордук максаттуу фондунун Гранты жөнүндө макулдашууну (RESILAND CA+ программасы: КР ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
“2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунан инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызмат ордуна Асаналиев Максат Кубатовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |