Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 324
Долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоонун айрым маселелери жөнүндө
Мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоо жаатындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду аткарууну тездетүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу төмөнкү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө бирдиктүү заказчы жана башкы подрядчы болуп аныкталсын:
- учурдагы бюджеттен жана мамлекеттик капиталдык салымдар боюнча бюджеттен объекттерди долбоорлоого, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана курууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өзгөчө мамлекеттик жана социалдык маанидеги объекттерди долбоорлоого, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана курууга.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы үчүн иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн объекттик тизмесин аныктоого ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 47 (3600) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 324
Долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоонун айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик программалардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоо жаатындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду аткарууну тездетүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы мамлекеттик бюджеттен жана башка булактардан каржылануучу төмөнкү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө бирдиктүү заказчы жана башкы подрядчы болуп аныкталсын:
- учурдагы бюджеттен жана мамлекеттик капиталдык салымдар боюнча бюджеттен объекттерди долбоорлоого, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана курууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өзгөчө мамлекеттик жана социалдык маанидеги объекттерди долбоорлоого, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана курууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы үчүн жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн объекттер боюнча тизмегин капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу жана республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу инвестициялык долбоорлордун бекитилген тизмегинен объекттерди кайра бөлүштүрүү укугу менен аныктоого ыйгарым укук берилсин.