Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 5-октябры № 8/40

Миң-Булак  айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215  Жарлыгына ылайык,  Миӊ-Булак  айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды   өткөрүү максатында, Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII  кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Миң-Булак айыл аймагынын калкынын саны 15191 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүнжалпы саны 100 деп бекитилсин.

            3. Миң-Булак айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү  боюнча Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев, Өрнөк, Миң-Булак, Эмгекчил, Оттук, Он-Арча жана Жерге-Тал, Лахол айылдарында калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (№3 тиркемеге ылайык).

6. Миң-Булак айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин белгиленсин (№4 тиркемеге ылайык).

7. Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Миң-Булак айыл аймагынын  жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2023-жылдын          18-ноябры деп белгиленсин (№ 4 тиркемеге ылайык).

8. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин деп утаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын   өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы  милдеттендирилсин.

9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, minbulak.org.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы  А.Айтбаевага  милдеттендирилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын. 

 

Төрага

А. Жамангулов

 

 

 

                                                                      Миң-Булак айыл аймагынын айылдык

                                                                     кеңешинин  XXVIII чакырылышынын

                                                                        VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

                                                                    05-октябрындагы №8/40  токтомунун

                               №2 тиркемеси

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды  уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 11 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.

 

 

№

А.А.А

Кызматы

Жумушчу тобунун ролу

Айыл аймака жооптуу

1

Жамангулов Адилет Жеңишбекович

Айылдык кеңештин төрагасы

Төрага

Баардык

2

Айтбаева Анаркүл Койчиевна

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Катчы

Баардык

3

Касымова Жылдыз

Калктын демилгечи топтун өкүлү

Мүчөсү

Куйбышев айылы

1-жак

4

Жумакадыров Асмат

Аксакалдар сотунун төрагасы

Мүчөсү

Куйбышев айылы 2-жак

5

Чекиров Советбек

Айыл башчы

Мүчөсү

Өрнөк айылы

6

Касымбаев Акмат

Айыл башчы

Мүчөсү

Миң-Булак

7

Баатыршы уулу Камбар

Айыл башчы

Мүчөсү

Эмгекчил

8

Болот уулу Субан

     Айыл башчы

Мүчөсү

Оттук

9

Асылбеков Самарбек Айткулович

     Айыл башчы

Мүчөсү

Он-Арча

10

Рысбек уулу Дамир

Айыл башчы

Мүчөсү

Жер-Көчкү

11

Зарип уулу Тынчтык

Айыл башчы

Мүчөсү

      Лахол

 

 

 

    Катчы                                                                                                       А.Айтбаева

                                                                        Миң-Булак айыл аймагынын айылдык

                                                                     кеңешинин XXVIII  чакырылышынын

                                                                         VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

                                                                  05-октябрындагы №8/40 токтомунун

                               №3 тиркемеси

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынындагы өкүлдөрдүн

саны жана квотасы.

 

№

Айылдардын

 аталышы

Калкынын саны

1 квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

Гендердик баланс 30% (аял)

1

Куйбышев

4013

151,91

26

17-эркек, 9-аял

2

Өрнөк

629

151,91

5

5-эркек, 1-аял

3

Миң-Булак

1478

151,91

10

7-эркек, 3-аял

4

Эмгекчил

3404

151,91

22

14-эркек, 8-аял

5

Оттук

1736

151,91

11

8-эркек, 3-аял

6

Эчки-Башы

1917

151,91

12

9-эркек, 3-аял

7

Жер-Көчкү

819

151,91

6

4-эркек, 1-аял

8

Лахол

1195

151,91

8

6-эркек, 2-аял

Жалпысы:

15191

 

100

70-эркек

30-аял

 

 

 

    Катчы                                                                                                     А.Айтбаева

 

 

 

 

 

 

                                                                   

                                                                      Миң-Булак айыл аймагынын айылдык

                                                                     кеңешинин XXVIII  чакырылышынын

                                                                        VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

                                                                    05-октябрындагы №8/40  токтомунун

                               №4 тиркемеси

 

 

2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин Миң-Булак айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү

 

ГРАФИГИ

 

№

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

Убактысы

Уюштуруучулар

1

Куйбышев айылы 1-жак

 Куйбышев айыл өкмөтүнүн  имаратынын жыйындар залында.

16.10.2022ж

саат 10-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

2

Куйбышев айылы

2-жак

Куйбышев айыл өкмөтүнүн  имаратынын жыйындар залында.

16.10.2022ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

3

Өрнөк айылы

Ж.Өмүралиев мектеби

17.10.2022ж

саат 10-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

4

Миң-Булак айылы

Т.Байсалов мектеби

17.10.2022ж

саат 14-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

5

Эмгекчил

Эмгекчил айылдык клубунда

18.10.2022ж

саат 10-00

 

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

6

Оттук

Оттук айылындагы Тынымсейитова Жумакан атындагы клубда

19.10.2023-ж.

саат 11-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

7

Он-Арча айылы

Он-Арча айылындагы Жээнбай Мамбеталиев атындагы клубунда

19.10.2023-ж.

саат 13-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

8

Лахол айылы

Лахол айылындагы Абакиров Сабыр атындагы клубунда

20.10.2023-ж.

саат 13-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

9

    Жер-Көчкү

    Жер-Көчкү айылдык клубунда

20.10.2023-ж.

саат 15-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

 

 

 

    Катчы                                                                                               А.Айтбаева                     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                    

 

                                                                      Миң-Булак айыл аймагынын айылдык

                                                                       кеңешинин  XXVIII чакырылышынын

                                                                        VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын

                                                                   05-октябрындагы №8/40 токтомунун

                               №5 тиркемеси

 

Миң-Булак айыл аймагынан Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү

 

ГРАФИГИ

№

Айыл аймак

Чогулуш өтүүчү жер

Убактысы

Уюштуучулар

1

Миң-Булак  айылы

Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында.

18.11.2023ж саат 11-00

Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу

 

  

    Катчы                                                                                                  А.Айтбаева