МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 8/45
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарбьа жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөтиптүү жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №26 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын 19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
1,Миӊ-Булак айыл аймагындагы Эмгекчил айылынын “Ленинчил-Жаш” участогундагы №1601 контурда жайгашкан жалпы аянты 5,3 га жердин ичинен 0,1 га таштак жайыт жер тилкесин, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин..
2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жакшылыковго тапшырылсын.
Төрага | А. Жамангулов |