АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2022-жылдын 21-апрелиндеги № 30
Бирлик айыл өкмөтүнүн “Жайыт” маселеси жөнүндө
Ак- Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш. Маккамбаевдин Жайыт маселеси боюнча маалыматын айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Ак- Турпак айыл өкмөтүнүн эсебинде турган Гороту – 4600га, Уура-Сай-1500га, Гауян- 3400га Жалпысы 9500га жайыт жер аянты Бирлик айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлүп берилсин.
2. Бирлик айыл өкмөтүнүн караштуу Ак-Өтөк, Тойчунун гөрү, Күнгө кыштоо, Жалаң-Конуш, Орус-Булак, Шор-Булак, Сөгөт кыштоолорунун жалпы саны 4500га жер аянты Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак жана Бирлик айыл өкмөттөрүнүн жетекчиликтерине жүктөлсүн.
Төрайым |
| Ахунова С. |