Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 5-октябры № 8/46

Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын  21-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарбьа жерлерин мамлекеттик фондунун  жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөтиптүү жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №26 токтомуна, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн   2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын  19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз     VII  сессиясы токтом кылат:

 

1,Миӊ-Булак айыл аймагындагы Миӊ-Булак айылынын “Төрт-Кашар” участогунун №1320  контурда жайгашкан жалпы аянты 2,6 га жайыт жердин ичинен  1 га жерин өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин..

 

2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын   айылдык  кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

         3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн  жер адиси  А.Жакшылыковго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Жамангулов