Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  VIII сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры №8/2

Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023—жылдын 5-октябрындагы №591 тескемеси менен республикалык бюджеттен Ормон-Хан айыл аймагына бөлүнгөн 10000,0 (он миллион) сом акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.            Ормон-Хан айыл аймагындагы Тогуз-Булак участкасындагы муниципалдык мал базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 10000,0  (он миллион ) сом акча каражат которулсун.

2.            Акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Сагынбек уулу