Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-апрелиндеги № 33
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда Республикалык бюджеттин эсебинен түшкөн 1483,1миң сом максаттуу трансферттерди айыл өкмөтүнүн Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарына генералдык план жасоо үчүн иштетүүгө 2022-жылдын жергиликтүү бюджетин каржылоо үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Тиркеме тиркелет
2. Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.
3. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Ахунова С. |
|
| Ак-Турпак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги №33 токтомуна №1 тиркеме |
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат
Бюджеттик каражаттар
Экономик классифик | Мазмууну | Сумма | ||||
Жалпы | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | ||
| Кирешелер | 1483,1 | 0,0 | 1483,1 | 0,0 | 0,0 |
14232400 | Максаттуу трансферттер | 1483,1 |
| 1483,1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Чыгашалар |
|
|
|
|
|
| Башкаруу аппараты 70111 |
|
|
|
|
|
3113 | Башка негизги каражаттар | 1483,1 | 0,0 | 1483,1 | 0,0 | 0,0 |
31132290 | Дагы башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди алуу | 1483,1 |
| 1483,1 |
|
|
Катчысын милдетин аткаруучу |
| М. Жолчуева |