Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  VIII сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры №8/3

Кочкор айылынын «С.Алиев көчөсүн асфальтоо» долбооруна

өздүк салым бөлүү жөнүндө

 

Дем берүүчү грантка сунушталчу Кочкор айылынын «С.Алиев көчөсүнүн 339 м жолду асфальтоо» 3 000 000 (үч миллион) сомдук долбоорго өздүк салым катары 3 000 000 (үч миллион) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.              Дем берүүчү грантка сунушталчу Кочкор айылынын «С.Алиев көчөсүнүн 339 м жолду асфальтоо» 3 000 000 (үч миллион) сомдук долбоорго өздүк салым катары 3 000 000 (үч миллион) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.

2.              Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Сагынбек уулу