Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 21-ноябры №8/4
Кошумча акча каражат бөлүү жөнүндө
Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай конушуна балдарга оюн аянтча курууга деп бөлүнгөн акча каражатына кошумча акча каражатын бөлүү, Ормон-Хан айыл аймагынын кызматтык авто унааларын ондоого, Омуров менен Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине септик курууга кошумча акча каражатын бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Бош калган каражаттардан «жашылдандырууга» деп деп бөлүнгөн 420,0 (төрт жүз жыйырма мин) сомдун 290,0 (эки жүз токсон мин) сому, «ЛЭД экранга» деп бөлүнгөн 750,0 (жети жүз элүү мин) сом акча каражаты «Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай конушуна балдарга оюн аянтча курууга» деп бөлүнгөн 620,0 (алты жүз жыйырма мин) акча каражатына кошумча болуп, баардыгы 1,660 (бир миллион алты жүз алтымыш мин) сом которулсун.
2. Бош калган каражаттардан «жашылдандырууга» деп деп бөлүнгөн 420,0 (төрт жүз жыйырма мин) сомдун 100,0 (жүз мин) сому Ормон-Хан айыл аймагынын кызматтык авто унааларын ондоого которулсун.
3. Бош калган каражаттардан «жашылдандырууга» деп деп бөлүнгөн 420,0 (төрт жүз жыйырма мин) сомдун 30,0 (отуз мин ) сому, «көчөлөргө указатель койгонго» деп бөлүнгөн 20,0 (жыйырма мин) сом, жалпысы 50,0 (элүү мин) сом “Омуров менен Орозбаков көчөлөрүнүн кесилишине септик курууга” деп бөлүнгөн 150,0 (жүзэлүү мин) акча каражатына кошумча болуп, баардыгы 200,0 (эки жүз мин) сом которулсун.
4. Акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |