ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 21-ноябры №8/5
Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүнүн тротуарын ондоо
долбооруна өздүк салым бөлүү жөнүндө
Дем берүүчү грантка сунушталчу Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүнүн түндүк тарабындагы (Өмүров көчөсүнөн Шайымбет ата көчөсүнө чейин) тротуарын ондоо 3 000 000 (үч миллион) сомдук долбоорго 1 039 200 (бир миллион отуз тогуз мин эки жүз) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынынайылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Дем берүүчү грантка сунушталчу Кочкор айылынын Орозбаков көчөсүн түндүк тарабындагы (Өмүров көчөсүнөн Шайымбет ата көчөсүнө чейин) тротуарын ондоо 3 000 000 (үч миллион) сомдук долбоорго 1 039 200 (бир миллион отуз тогуз мин эки жүз) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.
2. Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.
Төрага | А.Сагынбек уулу |