Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-июну № 325
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781, 2026-жылдын 28-январындагы № 31, 2026-жылдын 21-майындагы № 360 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун (мындан ары – «МКУ» ААК) акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 360 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "МКУ" ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүгө акча каражаттарын белгиленген тартипте издеп тапсын жана бөлсүн:
- 2024-жылы - 150 000 000 (үч жүз миллион) сом;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-январындагы № 31 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2026-жылы - 2 500 000 000 (эки миллиард беш жүз миллион) сом;
- 2027-жылы - 2 650 000 000 (эки миллиард алты жүз элүү миллион) сом;
2) 2027-жылга чейин "МКУ" ААКтын ишинен алынган ар жылдык 100 (бир жүз) пайыз өлчөмүндөгү таза пайданы дивиденддерди төлөө жана аталган каражаттарды "МКУ" ААКты капиталдаштырууга багыттоо аркылуу уставдык капиталды көбөйтүүгө багыттасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 781, 2026-жылдын 28-январындагы № 31 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майындагы № 360 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүне кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 25-июнундагы № 47 (3600) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |