Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  VIII сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры №8/7

И.Арабаев атындагы орто мектебин куруу үчүн кошумча жер аянтын сатып алууга акча каражат бөлүү жөнүндө

 

И.Арабаев атындагы орто мектебин куруу үчүн кошумча 180 метр чарчы жер аянтын сатып алууга 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражат бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын   айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.              И.Арабаев атындагы орто мектебин курууүчүн кошумча 180 метр чарчы жер аянтын сатып алууга 200,0 (эки жүз мин) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.

2.              Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Сагынбек уулу