Загрузка документа…
Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 74/10-9 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 234/34-8
Р.Алканов атындагы ат майданын Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 04.04.2024-жылдагы №01-19/855 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р.Алканов атындагы ат майданын Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынынтөрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |