Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  VIII сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры №8/10

Кара-Саз айылында жайгашкан административдик имаратына  бала бакча уюштуруу жана ремонттоо долбооруна өздүк салым бөлүү жөнүндө

 

Тенир-Тоо өнүктүрүү фондко сунушталчу Кара-Саз айылында жайгашкан административдик имаратына (мурдагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты) бала бакча уюштуруу жана ремонттоо 4,0 (төрт миллион) сомдук долбоорго өздүк салым катары 1,0 (бир миллион) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын   айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.              Тенир-Тоо өнүктүрүү фондко сунушталчу Кара-Саз айылында жайгашкан административдик имаратына бала бакча уюштуруу жана ремонттоо 4,0 (төрт миллион) сомдук долбоорго өздүк салым катары 1,0 (бир миллион) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.

2.              Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Сагынбек уулу