Загрузка документа…
Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 75/10-9 токтомуна ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 235/34-8
Талас шаарынын Ж.Рыскулов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан мейманкананын имаратын жана ага тиешелүү 12534 чарчы метр жер тилкесин Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 29.04.2024-жылдагы №01-19/1119 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ж.Рыскулов көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан мейманкананын имаратын жана ага тиешелүү 12534 чарчы метр жер тилкесин Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |