Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-июну № 1229-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Алиев Медербек Кубанычевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
2. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 55-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Алиев Медербек Кубанычевич жана Абиров Жаныбек Болотбекович "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
2) Нарматова Надира Азимовна "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
3. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 58-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Нарматова Надира Азимовна Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |