Редакцияот 21.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз  VIII сессиясы

 

2023-жылдын 21-ноябры №8/12

Кара-Суу айылынын Ийгилик-9 бала бакчасын ондоо

 долбооруна өздүк салым бөлүү жөнүндө

 

Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталчу Кара-Суу айылынын Ийгилик-9 бала бакчасын ондоо  долбооруна  2 914 874 (эки миллион тогуз жүз он төрт мин сегиз жүз жетимиш төрт) сомдук долбоорго өздүк салым катары 728 718 (жети жүз жыйырма сегиз мин жети жүз он сегиз) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын   айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.              Тенир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталчу Кара-Суу айылынын Ийгилик-9 бала бакчасын ондоо  долбооруна  2 914 874 (эки миллион тогуз жүз он төрт мин сегиз жүз жетимиш төрт) сомдук долбоорго өздүк салым катары 728 718 (жети жүз жыйырма сегиз мин жети жүз он сегиз) сом Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетинен каралсын.

2.              Бул акча каражатын Ормон-Хан айыл аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин долбооруна киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго сунушталсын.

3.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Сагынбек уулу