КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-июну № 1239-VII
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 382-VII токтомунун аткарылышы тууралуу
"Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 382-VII токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри К.Иманалиевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бул токтом Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштурууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Бул токтомду аткаруу боюнча жооптуу түзүм катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталган.
Окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн 2022-жылдын 1-сентябрына чейин 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн белгиленген базалык сумманы 7 сомдон 20 сомго чейин көбөйтүү үчүн финансылык каражаттарды табуу жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасын аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бул маселе боюнча 2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте жана эл аралык уюмдардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектептеги тамактанууну уюштурууну жакшыртуу маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык чөйрөнүн бардык уюмдарында жана мекемелеринде тамактануу ченемдерин жогорулатуу жана бул маселени жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жогоруда аталган токтомду өз убагында аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн.
2. "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 382-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасында "2022-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр "2023-жылдын 31-августуна чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |