Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-июну № 312-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (мындан ары - макулдашуулар) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык макулдашуулар милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу макулдашуулардын долбоорлору аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы чечими, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы чечими жана Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-февралындагы № 59-т тескемеси менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 18,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарын тартуу максатында 2024-жылдын 6-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга Ислам өнүктүрүү банкынын 13,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарын тартуу максатында 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 18,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттары жылдык 0% пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүнүп берилет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил - 10 жыл.
Ислам өнүктүрүү банкынын 13,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттары жылдык 1,5% пайыздык ставка менен 25 жылга бөлүнүп берилет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил - 7 жыл.
Ушуга байланыштуу тартылган каражаттар белгиленген тартипте "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна рекредиттелет, макулдашууларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Ошол эле учурда акча каражаттарын кайтарууну белгиленген тарифтерге ылайык электр энергиясын сатуудан түзүлүүчү "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун өздүк каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу болжолдонууда.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.