Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-августундагы № 39
Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар-_Өтүкчү айылдарынан өткөн 24 чакырым (жыйырма төрт) жолду КР нын транспорт жана коммуникациялоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Төралиевдин билдирүүсүн айылдык кеңешин депутаттары угуп, талкуулап сессия токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар – Өтүкчү айылдарынан өткөн 24(жыйырма төрт) чакырым жолду КР нын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Миң-Чынар –Өтүкчү айылдарынан өткөн 24 (жыйырма төрт) чакырым жолдун кызыл сызыктары сессияда каралган жок.
3. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айылдык кеңешинин бюджет -экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комисиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап Миң-Чынар-Өтүкчү айылдарынан өткөн 24 (жыйырма төрт) чакырым жолду КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрайым |
| Ахунова С. |