МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №2 – сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 8-2-3
Миң-Куш айыл аймагында үй жана турак жай салууга жер аянтын бекитүү жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагынын жер адиси А. Асылбековдун сунушун угуп жана талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл аймагынын жарандары, Миң-Куш айыл аймагында үй жана турак жай салуу үчүн алган жер тилкесинин аянты 1500 чарчы метрден ашпасын.
2. Үй жана турак жай салууга жер тилке сурап кайрылган жарандардын каттоо журналы кайра түзүлүп, Миң-Куш жана Өрнөк айылдарына өз-өзүнчө тизме журналы жаңыртылсын. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын (кодексинин) негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.
Төрага: | Д. Т. Абдыралиев |