МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №3 – сессиясы
2023-жылдын 13-сентябры № 8-3-1
Миң-Куш, Кабак айыл аймактарынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бириктирилген бюджетин бекитүү жана өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыктын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” токтомунун алкагында бириктирилген жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн Кабак, Миң-Куш бириктирилген жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше чыгашасынын жалпы сметалык чыгымдалышын бекитүү боюнча кайрылуусу канааттандырылсын;
2. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн Кабак, Миң-Куш бириктирилген жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше чыгашасынын жалпы сметасы 39658,4 миң сом, анын ичинен киреше бөлүгү 21303,4 миң сом, теңдештирме гранттан 18355,0 миң сом болуп бекитилсин. Ал эми Кабак, Миң-Куш бириктирилген айыл өкмөттөрүнүн 2022-жылдан үнөмдөлгөн акча каражаты (превышение) 7668,0 миң сом болуп бекитилсин.
3. Чыгаша бөлүгү:
1. АУП – 28383,7 миң сом.
2. Жайыт пайдалануудан – 367,6 миң сом.
3. Библиотека – 1196,0 миң сом.
4. Клуб – 3008,8 миң сом.
5. Бала бакча – 3009,5 миң сом.
6. Билим берүү – 2489,9 миң сом.
7. О.Орозалиев атындагы балдар уландар спорт мектеби – 533,0 миң сом.
8. Социалдык жеңилдиктер – 670,0 миң сом.
Жалпы чыгаша бөлүгү: 39658,4 миң сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | Д. Т. Абдыралиев |