Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 325-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасына тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Бультеке чополуу сланец кенин иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 107-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Бультеке чополуу сланец кенин иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13418175 | 4714575 |
2 | 13418605 | 4714505 |
3 | 13418670 | 4714075 |
4 | 13418380 | 4714070 |
5 | 13418185 | 4714220 |
6 | 13418095 | 4714470 |
Аянты 21,2 га | ||