Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин  №4 – сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры № 8-4-1

Миң-Куш айыл аймагы боюнча экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде аныкталган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү экинчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеңештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Миң-Куш айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.              Миң-Куш айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн;

2.              Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Миң-Куш айыл аймагы №1- тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;

3.              Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында   аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардын шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери №2- тиркемеге ылайык бекитилсин;

4.              Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жоопту жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси №3- тиркемеге ылайык бекитилсин;

5.              Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 12 адамдан турган жумушчу тобунун курамы №4 - тиркемеге ылайык бекитилсин;

6.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

Төраганын орун басары:

Болот уулу Аскат

 

 

 

 

  Миң-Куш айыл аймагынын айылдык

 Кеңешинин 06-октябрь 2023-жылдагы

        №8-4-1  токтомуна №4-тиркеме

 

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун

курамы:

1.     Абдыралиев Дастан - жумушчу топтун төрагасы;

2.     Орозбек уулу Адисбек - жумушчу топтун катчысы;

3.     Ташкенбаев Данил - жумушчу топтун мүчөсү;

4.     Болот уулу Аскат - жумушчу топтун мүчөсү;

5.     Эсенбек уулу Эркинбек - жумушчу топтун мүчөсү;

6.     Азатбеков Арлен - жумушчу топтун мүчөсү;

7.     Сейдалиев Султанмурат - жумушчу топтун мүчөсү;

8.     Исмаилов Улукбек - жумушчу топтун мүчөсү;

9.     Майрамбеков Жакшылык - жумушчу топтун мүчөсү;

10. Мундузбаев Улан - жумушчу топтун мүчөсү;

11. Акылбек уулу Самат - жумушчу топтун мүчөсү;

12. Акылбек уулу Дыйкан - жумушчу топтун мүчөсү;

 

 

 

Миң-куш айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин катчысы: _______________________ А.Орозбек уулу.