МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №4 – сессиясы
2023-жылдын 9-октябры № 8-4-3
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына берилген 7070СЕ лицензиясын жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-майындагы №49 токтому менен бекитилген “Жер казынасы” жөнүндөгү мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 15-декабрындагы “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө”№810 токтому менен бекитилген Жобонун талаптарына, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” кодексинин 28-беренесине ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде карап Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресуртары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Миң-Куш” филиалынын “Агулак” кесимине берилген 7070 СЕ лицензиянын негизинде 103,5 га аянтка казылып алынган топуракты топтоочу жай(отвал) уюштурууга, мурунку топурак топтолгон жерден жер тилкеси бөлүнүп берилсин;
2. Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Миң-Куш” филиалынын “Агулак” кесимине, казылып алынган топуракты топтоочу жай(отвал) уюштурууга, жаңы жайыт жерлерди бузбай, эски топурак топтоочу чегинен чыкпастан төмөндөгү координаттар менен чектелсин;
№ | Х | У | № | Х | У |
1 | 4617565,09 | 13459398,77 | 16 | 4616862,747 | 13461101,11 |
2 | 4617223,052 | 13459385,9 | 17 | 4616951,905 | 13461105,72 |
3 | 4617122,091 | 13459393,8 | 18 | 4616992,695 | 13461188,01 |
4 | 4617122,259 | 13459513,3 | 19 | 4617140,075 | 13461385,59 |
5 | 4617227,845 | 13459614,3 | 20 | 4617236,883 | 13461460,55 |
6 | 4617303,589 | 13459949,52 | 21 | 4617314,999 | 13461533,82 |
7 | 4617171,161 | 13460111,1 | 22 | 4617361,018 | 13461552,78 |
8 | 4617116,501 | 13460478,37 | 23 | 4617424,291 | 13461623,1 |
9 | 4617172,776 | 13460603,31 | 24 | 4617499,912 | 13461810,65 |
10 | 4617102,352 | 13460705,16 | 25 | 4617613,096 | 13461945,67 |
11 | 4616925,004 | 13460833,52 | 26 | 4617885,05 | 13461907,33 |
12 | 4616820,473 | 13460864,27 | 27 | 4617966,578 | 13461867,03 |
13 | 4616760,653 | 13460850,08 | 28 | 4618143,221 | 13461705,09 |
14 | 4616720,475 | 13460932,65 | 29 | 4617610 | 13461680 |
15 | 4616761,025 | 13461053,65 | 30 | 4617471 | 13461001 |
3. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Мин-Куш” филиалынын “Агулак” кесимине жерди пайдаланууда баардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоону жана долбоор бүткөндө рекультивациялык аткарууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Болот уулу Аскат |