АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылынын 12-апрели №3
“Жердин категориясын которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформацилоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого негиз Акман айыл айыл аймагынын Баймундуз айылындагы Сары-Талаа бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №10 жазаларды аткаруу мекемесинин курулушуна чектеш жайгаштыруу максатында кыш завод курууга Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 01.04.2024-жылы №56-б сандуу менен түзүлгөн жерлерди которуу (трансформациялоо) комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу №10 жазаларды аткаруу мекемесине кошумча жумуш орундарын камсыздоо үчүн мамлекеттин каржылоосу менен бышырылган кыш завод куруу максатында Акман айыл аймагынын Баймундуз айылынын Сары-Талаа бөлүмүнөн мамлекеттик менчиктеги №251 контурунда жайгашкан 1,5га кайракы айдоо жер аянтын ”Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка жерлер” категориясына мыйзам чегинде которууга (трансформациялоого) уруксат берилсин.
2. Кыш заводунун курулушуна түзүлгөн генералдык планы бекитилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоого юстиция башкармалыгына жеткирүү айылдык кеңештин катчысы У.Баймуратовага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: | А.Чолпонбаев . |