Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Акман айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жылынын 12-апрели №4

 

“Акман айыл аймагынында мал жандыктарды багуудагы төлөмдөрү жөнүндө”

 

Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы айыл аймактагы элдин мал жандыктарын жакынкы жана алыскы жайыттарда баккан малчыларга төлөнүүчү төлөмдөрү жөнүндө угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Айыл аймактын жакынкы жана алыскы жайыттарына мал багууда бир айга ар бир койго 200сом, кара малга 700 сом деп белгиленсин.

 

2.     Чегерилген бааларды сактабаган малчыларга эскертүүгө баш ийбегендерге жайыт бербөө жагы каралсын.

 

3.     Жоголгон жана ветеринардык адистин актысы түзүлбөгөн учурда өлгөн мал жандыктар мал ээсине төлөнүп берүү жагы мал баккан жарандар менен түзүлгөн келшимдерде көрсөтүлсүн.

 

4.     Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана ар бир малчы менен келишим түзүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.

 

5.     Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

6.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .