Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

 

2023-жылдын 30-октябры  № 8-1

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн акча каражатын тогуз айдын жыйынтыгы менен кароо  жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин  сунуштарынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаттарын 9 айдын жыйынтыгы менен  муктаждыкка байланыштуу бөлүштүрүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:                           

1.              Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жыл ичиндеги бөлүнгөн 2820600 (эки миллион сегиз жүз жыйырма миң алты жүз) сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен  төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:

 

№

Аталышы

Сунушталган сумма

1

 Башкы планга

2233,1 миң сом

2

Түстүү принтер алууга

100,0 миң сом

3

Таза сууга болгон төлөм

58,0 миң сом

4

Камсыздандыруу автомашина       

34,0 миң сом

5

Рутокен электрондук кол тамга

7,0 миң сом

6

Жасалуучу жолдун сметалык иш кагаздарын бүткөрүүгө

245,0 миң сом

 7

Электр эсептегич алууга

73,5  миң сом

 8

Ит атууга

20,0 миң сом

 9

Канц товар алууга

50,0 миң сом

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери  Н. Барыктабасовага милдеттендирилсин;

3. Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Ат-Башы айыл  өкмөт башчысы Р.Докоевке тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Шүкүрбеков