БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясынын
2024-жылынын 20-февралы №1
““Акман айыл аймагынын Акман айыл Өкмөту мекемеси” “Бешик-Жон айыл аймагынын айыл Өкмөту ” мекемесине кошулуу жөнүндө.”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактыкреформа жүргүзүү мезгилинде мезгилинде кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Акман айыл аймагынын Акман айыл Өкмөту”мекемеси жана “Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айыл Өкмөту” мекемеси бириктирүү жолу менен “Акман айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу
жагы “Бешик-Жон” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы А.Адишовго жүктөлсүн.
3. “Акман айыл аймагынын айыл өкмөтү”мекемесине өткөрүп берүү актысы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2024-жылдын 15-февралындагы №19-б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Чолпонбаев . |