Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июну № 2142-VII
Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
"Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-ноябрындагы № 1555-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктарын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана алардын ушул жааттагы мыйзамдарда каралган укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрайымы Ж.Э.Садырбаеванын баяндамасы эске алынсын жана убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат үчүн жиберилсин.
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2019-жылы иштелип чыккан, 18 жашка чейинки балдардын аутизм спектринин бузулушун диагностикалоонун клиникалык протоколун кайра карап чыксын;
- аутизмдин белгилерин эрте аныктоо максатында баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде 18-24 айлык балдар үчүн аутизмге модификацияланган скринингдик тестти (M-CHAT методикасы) киргизүүнү күчөтсүн;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында сейрек кездешүүчү ооруларды диагностикалоочу адистештирилген бөлүмдү ачсын жана келечекте бөлүмдө иштей турган ата мекендик адистерди алдыңкы тажрыйбасы бар дүйнө өлкөлөрүндө окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыксын;
- эрте кийлигишүү системасын түзүү максатында Ош жана Токмок шаарларындагы балдар үйлөрүнүн базасында үй-бүлөнү өнүктүрүү жана колдоо боюнча мамлекеттик борборлорду ачуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
- медициналык кызматкерлердин эрте аныктоо жана кийлигишүүсү, атайын педагогика, атайын психология, дене тарбиялык, оккупациялык, жүрүм-турумдук ж.б. терапия маселелери боюнча потенциалын жогорулатуу максатында кесиптик деңгээлде атайын окутуу программасын иштеп чыксын;
- электрондук ден соолук борборунун базасында аутизм спектринин бардык ооруларынан (аутизм, ДЦП, Даун синдрому) жабыркаган балдардын бирдиктүү универсалдуу электрондук маалымат базасын түзсүн;
- эрте аныктоо жана кийлигишүү маселелерине ведомстволор аралык трансдисциплинардык мамилеге негизделген кызмат көрсөтүүлөрдүн так механизми бар Улуттук деңгээлдеги программаны иштеп чыксын;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кош бойлуу аялдар үчүн темир, йод жана фолаттар сыяктуу маанилүү дары-дармектерди акысыз берүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн жана баланын персоналдык ассистентинин кызмат акысын төлөөнүн шарттарын кайра карасын (эки эсе көбөйтүү мүмкүнчүлүгү);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бирден ашык баласы бар үй-бүлөдөгү ар бир балага персоналдык ассистенттин кызматына акы төлөө мүмкүнчүлүгүн карасын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жашаган жери өзгөргөн учурда кайрадан күбөлөндүрүү жана документтерди тапшыруу жол-жобосун жокко чыгаруу боюнча чараларды көрсүн;
- аутизм менен ооруган балдар үчүн Республикалык психикалык саламаттык борборунун корутундусунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени карасын;
- Бишкек, Ош шаарларында жана облустук борборлордо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын муктаждыктарына, тарбиялоого, дарылоого жана окутууга ыңгайлаштырылган балдар бакчаларын, атайын көмөкчү мектептерди, реабилитациялык борборлорду, спорт борборлорун куруу боюнча иштерди жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы пайдаланбастан, бош турган имараттарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн балдар бакчасы, атайын көмөкчү мектептер, реабилитациялык борборлор жана спорт зал катары пайдалануу боюнча максаттуу иштерди жүргүзсүн;
- спорттук мекемелерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын квоталарды камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзсүн;
- кулак оорулары (дүлөйлүк) менен жабыркаган, кохлеардык имплант кийүүгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жекече ассистент берүү жөнүндө жана аларга туруктуу жардам көрсөтүү максатында Бишкекте Сурдологиялык борбор ачуу жөнүндө маселени карасын;
- соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды менингитке каршы акысыз эмдөө маселесин карасын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын тиш ооруларын дарылоодо колдонулуучу ингаляциялык наркоздун атайын медициналык аппараттарын сатып алууну камсыз кылсын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды бала бакчаларга жана атайын көмөкчү мектептерге кабыл алууда коррупциялык чоң тоскоолдуктарды жараткан педагогикалык, медициналык жана психиатриялык комиссияларды кайра уюштуруу жөнүндө маселени карасын;
- баштапкы жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кирешелеринин жетишсиздигине байланыштуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой ата-энелерге ипотекалык кредит менен батир алуу мүмкүнчүлүгүн түзсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды коштоп жүргөн ата-энелерди коомдук транспорттун жол кире акысын төлөөдөн бошотуу сунушталсын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар төрөлгөндө өз үй-бүлөсүн таштап кеткен жарандардан алименттерди өндүрүү механизмин иштеп чыксын;
- "Алтын балалык" реабилитациялык борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштурууну камсыз кылсын;
- Чечен Республикасынын (Россия Федерациясы) тажрыйбалуу хирургдары тарабынан бетинде тубаса кемтиктери бар балдарга акысыз операция жасоодо алардын ата-энелеринен ата мекендик дарыгерлер акча каражаттарын чогулткан учурлар кездешкендигине байланыштуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга акысыз операция жасоочу чет өлкөлүк адистерге тиешелүү деңгээлде шарттарды түзсүн.
3. Ушул токтомду ишке ашыруу үчүн кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу чыгымдар кийинки жылга болгон Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткарылган иштер жөнүндө маалыматты 2024-жылы 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз берилген кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтарып берүү боюнча чараларды көрсүн жана ушуга жол берген кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартсын;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды бала бакчаларга жана атайын көмөкчү мектептерге кабыл алууда коррупциялык чоң тоскоолдуктарды жаратып жаткан педагогикалык, медициналык жана психиатриялык комиссиялардын ишин текшерсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2024-жылдын 1-октябрына чейин аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |