Редакцияот 06.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 6-июну № 2146-VII

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1.              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.А. Азыгалиев, Н.О. Сыдыгалиев, Б.У. Сыдыков, Э.Р. Сатыбалдиев, Г.А. Кожокулова, С.А. Омурзаков, Э.Ж. Сурабалдиева, Ч.И. Ажибаев, Ж. Коргонбай уулу, Б.К. Чойбеков, Д.А. Ашимова, А.А. Исираилов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2.              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

  

Кыргыз Республикасынын

     Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Дж. К. Исаева