Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX-сессиясы

2024-жылдын 26-мартындагы № 28-39/5

 

Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруунун балансына имаратты, жанаша жайгашкан жер тилкеси менен кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2024-жылдын 15-мартындагы, чыг.№01-16-977 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXIX   сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансынан, Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине, Каракол шаары, Гебзе кѳчѳсʏ, №84 дарегинде жайгашкан, турак эмес, жалпы аянты 942,8 м2  болгон, аянты 5604,0 м2 тʏзгѳн жер тилкеси менен, мурда «Ысык-Кѳл Инвестбанк» ААКга караган имаратты,  алуусуна макулдук берилсин.
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов