Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 14-июну ПЖ № 155
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-мартындагы № 95 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун (мындан ары - Фонд) түзсүн;
2) Фонддун укуктук статусун, максаттарын жана милдеттерин, ишинин өзгөчөлүктөрүн жана тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун, ошондой эле ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын иштеп чыксын;
3) (КР Президентинин 2026-жылдын 2-мартындагы № 95 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-мартындагы № 95 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;
2) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын наркынын туруктуу өсүшүн жогорулатуу жана камсыз кылуу, ошондой эле Фонддун тобуна кирүүчү компанияларды эл аралык жана жергиликтүү капитал рыногуна чыгаруу жолу менен инвестицияларды тартуу;
3) Фонддун тобуна кирүүчү компанияларга корпоративдик башкаруунун эң мыкты практикасын киргизүү;
4) мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-мартындагы № 95 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Фонддун ишинин төмөнкүдөй принциптери белгиленсин:
1) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын башкаруу органдарына кадрларды тандоонун жана көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
2) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын директорлор кеңештеринде көз карандысыз директорлордун болушу;
3) Фонддун тобуна кирүүчү компанияларга конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган менеджерлерди сыйлоо жана жоопкерчилик системасын киргизүү;
4) отчеттуулук, үзгүлтүксүз аудит, Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды ачып берүү.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-мартындагы № 95 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |