Редакцияот 6.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 06-февралы №6

 

“Жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылынын тургуну Төрөмаматовдун арызына негиз жеринде өткөрүлгөн чогулуштун протоколун жана айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Бешик-Жон айыл аймагынын Баймундуз айылындагы Кара-Жыгач участкасындагы жаңы көчөгө Аралов Төрөмаматтын ысымы ыйгарылсын.

 

2.    Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана тиешелүү жактарга жеткирүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин, жарыялоо жагы катчыга милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери боюнча туруктуу” комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Чолпонбаев .