Редакцияот 06.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КөК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кок-Жар айылдык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы  

2023-жылдын 6-февралы № 19/3

Короо жай аянттарынан ашкан жерди муниципалдык менчике алуу жөнүндө

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

Токтом кылат

 

         1. Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылынын тургуну  Кулмамбетов Калыбек Басылбековичтин 4-01-13-1001-005-5 код енинде жайгашкан, короо жай аянтынан ашкан 3942,2 чарчы метр жер аянты,  өзүнүн  макулдугунун негизинде Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

  2 .Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы А.Акматовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

                                               К. Мамытов