Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/2
“Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген бюджетинин 6 айлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнундагы корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 2221-беренесинен, мектептер бөлүмүнүн 2221-беренесине 1376400,0 (бир млн үч жүз жетимиш алты миң төрт жүз) сом, балдар бакчалар бөлүмүнүн 2221-беренесине 710780,0 (жети жүз он миң жети жүз сексен) сом, баардыгы болуп 2087180,0 (эки млн сексен жети миң бир жүз сексен) сом акча каражаттарын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Жылдырылган акча каражаттары менен өз убагында иш алып баруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго милдеттендирилсин.
3.Өзгөртүү киргизилген жергиликтүү бюджетти мыйзам ченемде аткаруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |