Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/3
“Ала-Бука айыл аймагынын калктуу конуштарынын 2014-2035-жылга чейинки мөөнөткө даярдалган башкы пландын 1-кадамын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн №220-б буйругунун негизинде түзүлгөн “Жумушчу топтун” 2024-жылдын 28-майындагы №2 протоколун жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнундагы корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын калктуу конуштарынын РП082/22/09/2013 шифри
менен 2014-2035-жылга чейинки мөөнөткө даярдалган башкы пландын 1-кадамын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймагындагы бардык архитектуралык курулуш жумуштары башкы
пландын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg
сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет,
экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |