Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/4
“Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогуна даярдалган муниципалдык базардын долбоорунун курулушун Акчыбыр тилкесине которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнундагы корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогуна даярдалган муниципалдык базардын долбоорун Ак-Чыбыр тилкесине которууга макулдук берилсин.
2. Ала-Бука айылынын борбордук базарында, Т.Сартмамбетов жана М.Мамырбеков көчөлөрүндө соода-сатык менен тиричилик өткөргөн ишкерлерди Ак-Чыбыр тилкесиндеги жер аянтка которууга макулдук берилсин.
3. Ак-Чыбыр тилкесинин жер аянтында соода-сатык кылгандар үчүн шарт түзүп берүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |