Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-майы № 2
Көк-Ирим айыл аймагында корук маселесин чечүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында айдоо аянттарында корук иштери айыл башчылар: С. Мурзабеков, Э. Чолпонкулов тарабынан колго алынсын.
2. Корук иштери 2020-жылдын 20-майынан баштап 1-октябрга чейин жүргүзүлсүн.
3. Айдоо аянттарга түшкөн малга, айдоо аянтына келтирген зыянына карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү мал ээлерине эскертилсин.
4. Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгыш болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев |