Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/5
“Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна башкы пландын негизинде курулуш жүргүзүүгө жана жерди пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана Жер кодексинин 32-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын Кош-Көпүрө участогунан башкы пландын
негизинде калктуу конуштарга деп бөлүнгөн 11,32 га жер аянттын ичинен 6,0га мамлекеттик ипотекалык компанияга (ГИК), 4,32га калктуу конушка жана 1,0га социалдык обьектилерге бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Макулдук берилиген жер аянттарын мамлекеттик ипотекалык компанияга
(ГИК) сунуштоо жана мыйзам ченемде жарандарга жер участокторун кезектүүлүгүнө карап берүү, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |