Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/6
“Муниципалдык менчикте турган жер участогуна административдик имарат курууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы Ы.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабындагы
муниципалдык жер аянттын ичинен 0,50га жер тилкесине административдик имарат курууга макулдук берилсин.
2. Макулдук берлиген жер тилкесинде мыйзам ченемде имарат куруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3 Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |