Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/7
“Муниципалдык менчикте турган жер участогуна имарат курууга макулдук берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна жана Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагында жайгашкан Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик
Комитетинин Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнө, Баймак айылындагы “ Баймак өткөрмө” пунктуна жакын жерден чек ара кызматкерлери ортосунда жолугушууларды өткөрүү үчүн имарат курууга 0,10га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер тилкесин мыйзам ченемде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |