Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 2
Арал айылына таза суу чыгаруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылына таза суу чыгаруу үчүн К. Молдокеримов көчөсүндөгү эски кампанын 5980,0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер участогун мыйзамдаштыруу жагы Тогуз-Торо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев |