Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-августу № 5
Арал айылына таза суу долбоору ишке кирип жаткандыгына байланыштуу АПУ, ИТУну чийдирүүгө жана Арал, Бирдик айылдарынын жарыктандыруусуна акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппараттын 2211 статьясынын жана 2212 статьясынын эконом болгон акча каражаттарынан 34 198 (Отуз төрт миӊ бир жүз токсон сегиз) сом Арал айылына таза суу долбооруна АПУ, ИТУну чийдирүүгө которулуп берилсин.
2. Аппараттын 2211 статьясынын жана 2212 статьясынын эконом болгон акча каражаттарынан 45 000 (Кырк беш миӊ) сом Арал, Бирдик айылдарынын жарыктандыруусуна которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев |