Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КөК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кок-Жар айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы  

2023-жылдын 31-марты № 20/1

Суу баскан жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө

 

Айыл чарба жерлеринин суу баскан жер аянттарын  ижарага берүү боюнча айыл чарбасы боюнча “Жетектөөчү адис” М.Бектургановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

Токтом кылат

 

         1.Көк-Жар айыл аймагындагы суу баскан айыл чарба багынтындагы жер аянттары Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресуртары кызматы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 29-март № 01-9/809 корутундусунун негизинде көрсөтүлгөн контурлар боюнча  суу баскан жер аянттары муниципалдык менчикке алынсын.

 

          2.КР. Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык берилсин.

 

          3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижарага берүү боюнча комиссиянына  тапшырылсын.

 

 

Төрага

                                               К. Мамытов